www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги акын, ырчы Сонунбүбү Кадырованы кепке тартып, саясатты ырчынын көзү менен кароого аракет кылып, кызыккан суроолорго жооп алдык. 

-Сонунбүбү эже, экс-президенттин кирешесин эсептөө боюнча Башкы прокуратура УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматына тапшырыптыр. Эми экс-президенттин кантип  байыганынын негизги булагы ачыкка чыгабы?

-Негизи жакшы иш башталыптыр. Эгер Акаевди күбө кылып чакырчу болсо Атамбаевдин акчаларынын көбү кайдан пайда болгонун билсе болот. Жазуучулар Союзуна келген элүү миллион рубль толугу менен Атамбаевдин колуна өтүп, аны тегеретип ордуна койом деген боюнча азырга чейин Атамбаевдин чөнтөгүндө тегеренип жүрөт деп билгендер айтып жүрөт. Кыргызстанда китеп сатып байыбайт. Бирок, китепке бөлүнгөн акчадан өөнөп калып китептин санын көбөйтүп жазып, чыгарганда аз чыгарып акча табышаарын уккан жайым бар. Бирок, Атамбаев китеп сатып байыдым деп элди чаргытып алдап жүрөт. Ал бир да китеп чыгарып сатпаса керек. Жазуучулар Союзуна келген акчаны алып алгандыгы жөнүндө Акаев ачык эле айтып чыкканын көргөм. Кыскасы жазуучуларды алдап акчаны алып,завод сатып алганга жумшаган деп жүрүшөт билгендер. Ушул маалыматты  текшерип жазуучулардан да сураш керек.

Бирок, Атамбаевди текшергенден кийин эле кирешени текшерүүнү токтотуп койбой УКМКдагы коррупцияга  менен күрөшүү кызматы бардык чиновниктердин байлыгы кайдан келгенин дыкат текшерип чыгыш керек. Анткени, Советтик доордо эч ким бай эмес болчу. Эч кимдин атасынан калган байлык болгон эмес. Алдым-жуттум адамдар бай болуп, азыр өздөрүн саясий элитабыз деп атап турган кези.

-КСДПнын эсепчиси “шайлоо кассасы” жарыяланып кеткенде уулу менен Кыргызстандан чыгып кетиптир. Анын Кыргызстандан чыгып кеткени ким үчүн пайдалуу?

-Эми "эки дөө кагышса, ортосунда кара чымын өлөт" деп айткандай чындыгында көп адамдарга ыңгайсыздык жаралаары бышык. Жанында сырын билип жакын жүргөндөрдүн көбүнө коркунуч болот. Алардын чыгып кетиши албетте, Атамбаевге пайда.

Ошондуктан абайлап жүрбөгөн ач көз шыпыргыларга ушундайда өтө кыйын болуп калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости