www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Красноярск шаарында өткөн балет боюнча «Сибирдин Гран-при» конкурсуна жалгыз Кыргызстандык бийчи Фарух Садыркулов катышып, жаш бийчилер арасында 2-орунду жеңип келди.
«XXI кылымдагы белет» V Эл аралык форум, чыгаан хореограф Мариус Петипанын 200-жылдыгына арналып балеттеги абройлуу таймаш болду. Ноябрдын ортосунда болуп өткөн конкурска Кыргызстандын атынан А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жаш таланттуу бийчиси Фарух Садыркулов жалгыз катышып байгелүү кайтты. Россиядагы балет боюнча таймашка дүйнөнүн он бир мамлекеттен мыкты бийчилери катышып үч категорияда кызуу таймаш болду
Башкы байге Гран-Прини мелдештин ээси Д.А. Хворостовский атындагы Красноярск опера жана балет театрынын башкы солисти Георгий Болсуновский ээлесе, биринчи премияны Москвалык бийчи Юрий Выборнов алган. Андан кийинки эле экинчи премияны Фарух Садыркулов менен Япониялык бийчи Шота Онодера алышты.
Бирок, анын ийгилигин өзү иштеген опера балет театры жана КР Маданият Министрлиги дагы көрсө да көрмөксөн болушту. Бул Фарух Садыркуловдун эл аралык мелдештердеги алгачкы ийгилиги эмес. Буга чейин дагы кыргыз балетинин намысын татыктуу коргоп келет. Бул жолку жеңиш дагы оңой келген жок. Анткени, Россия, Германия, Япония сыяктуу балеттеги мыкты мамлекеттердин бийчилери команда менен катышса, Кыргызстандык бийчи жалгыз чыкканына карабай, башкы орун үчүн татыктуу таймашты. Учурдагы бийчибиз Фарух Садыркуловдун ийгилигин маданият министрлиги баш болуп, көз жазыдымында калып, бир дагы журналист кубанып кабар жазбай олтурган чакта, аны Испанияга гостролго чакырып, чет элдиктер ага кызыгуусу артууда.
Бийлик башындагыдар театрга кирбеген заманда маданияттын ээлери эмес, мушкердердин жеңиши маанилүү болгон заманда жашап жатканыбыз өкүндүрөт. Эгер мамлекет дагы таланттуу жаш бийчиге көңүл бурганда балким башкы орунга чыкмак. Таланттуу бийчини Казакстандыктар канча жылдан бери чакырса дагы, кыргыз намысы деп Мекенин алмаштырбай жаткан таланттуу жаштарга качан көңүл бурулат.
Айтмакчы, балет өнөрүнүн сүйүүчүлөрүнө Садыркулов деген ысым жакшы тааныш. Анткени Фарухтун атасы Досмат Садыркулов дагы канча чет элдик белгилүү театрлар чакырса барбай, Кыргыз опера балет театрынын жүзү болгон мыкты бийчи. Тилекке каршы, 30 жылдан бери сахнанын көркүн ачкан Досмат Садыркуловго дагы али күнгө чейин эл артисти наамы берилбей, маданиятта жулунбай көмүскөдө калып, зор эмгек кылып унчукпай иштеген аз адамдардын бири.
Булак: NazarNews.kg