www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги V чакырылыштын депутаты, ошол кезде вице-спикерлик кызматты аркалаган  Надира Азимовнага Алмазбек Атамбаевдин  “Сооронбай Жээнбеков менен элдешкенге аракет кылдым. Бирок, ал аракетимди туура эмес кабыл алышты”- деп айтканы боюнча кайрылып,  Атамбаев элдешүү кол сунганына ишенесизби деген суроо узаттык...

-Бул сөздү жалпы коомчулук укту. Эки достун ортосундагы акыркы 7,8 айдан берки өз ара мамилелериндеги көз караштарды коомчулук саресеп салып карап, угуп, ар ким өз деңгээлинде ой жүгүртүп, тыянак чыгарып келе жатканын эч ким жокко чыгара албайт. Менин жекече көз карашымда досбуз  деген адамдар өз ара мамилесин сыртка чыгарбай койсо болмок. Анткени, бири экс-президент, бири иштеп турган Президент. Ортодогу таарынычтар жөнүндө айтылган сөздөр мамлекет башчынын деңгээлиндеги сөздөр эмес. Мен анткем, мен минткем, мен колдогом, мен ошол деңгээлге жеткиргем деген сөздөр жаман аялдын таарынганындай эле сөз болуп калды. “Айтылшан сөз атылган ок”,  “Буттан чалынган турат, тилден чалынган турбайт”, Сөз ооздон чыгып, кулакка кирип, жүрөккө кадалып, сезимге сиңип кетет. Канча жолу кечирим сурап, далалат кылса да, кечирдим деген чакта да, эч качан жаман кемсинткен сөз унутулбайт.  Көзүнө көрүнгөн сайын эсине түшүп, жаман сөз жаңыра берет.

Бул реалдуу жашоодо тирүүчүлүктүн ачуу чындыгы. Анткени, Алмаз Шаршенович акыл эси жайында туруп, мамлекетти башкарып Президент болуп иштеп турганда  теңирден тескери сөздөрдү сүйлөп, абийириң  3% болчу, мен 54% ке чыгардым деген сөзү түшүнгөн адамга өтө оор тийген. КСДПнын өзүнүн чечимдери, аракеттери менен 7 жылдык мөөнөттө Кыргыз элин ойнотуп, жалган сөздөр менен алдап келгендик болуп калат. Анткени, 7 жылдан бери КСДП мамлекетти башкарып келе жатат. Жээнбековду менимче биринчи коомчулука Атамбаев жекече абийиирине шек келтирип, 3%тиксиң десе ар бир адамдын ариет намысы бар да... Жээнбековду Атамбаевдин демилгеси менен көпчүлүк колдоп берди. Добуш берди. Урнага бюлльетен ташталды. Жалгыз өзү ошрнчо бюльетен таштаган жок да. Анан бир туугандарын мен өстүрдүм деп кайра кайра кайталаганын да коомчулук жакшы кабыл алган жок.  Кыскасы КСДП өздөрүнүн абийирин өздөрү төгүп, шайлоодогу терс көрүнүштөр да өздөрүнөн тарап жатат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Жээнбеков сабырдуүлук кылып Атамбаевдин кептерине маданияттуу болуп,  бир жолу жооп берди 24kg берген маегинде. Салмактуу болуп ар бир сөзгө жооп бербей, кайым айтышпай , теңелбей койгону оң болду. Убакыт тараза элге кылган ак эмгеги менен Атамбаевге жооп бериш керек. Кимдин ким экенине тарых өзү баа берет.  Ушундай кайчы пикирлерди жараткан Алмаз Шаршенович өзү болуп калды окшойт. Эми адашыпмын деген ойду айтканы жаш баланын сөзү болуп калды. Эгер кыргыз элине жакшылык кааласа, чагымчыл  сөздөрдү токтотуш керек.   Сооронбай Шарипович коомчулукта кайчы пикир жаратпай  баштагыдай эле сабырдуу болуп, эч бир сөзгө жооп кайтарбай эле коюшу керек. Антпесе Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши өлкөнү маскара кылгандан башка эч нерсе кылбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости