www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 7-июлда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентиктин бөлүмдөрү тарабынан Балыкчы шаарынын мэриясына пландан тышкаркы иш сапары уюштурулду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Иш-чаранын алкагында Балыкчы шаарынын мэри жана мэриянын борбордук аппаратынын кызматкерлери менен жамаат ичиндеги мамлекеттик кызматтын ишин жакшыртуу, кызматтык этика жана натыйжалуу коммуникация маселелери боюнча кеңешме өткөрүлдү.
Аталган иш чара агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын сапатын жогорулатуу, кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттыруу жана жамааттарда позитивдүү иш чөйрөсүн түзүү боюнча тапшырмасына ылайык ишке ашты.
Кеңешменин жүрүшүндө кызматкерлер менен ачык диалог жүрүп, мамлекеттик кызматтын жүрүм-турум кодекси, кесиптик морал, стресске туруштук берүү, жана кызматкерлердин ортосундагы өз ара мамиле боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.