www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп 1-августтан тарта жаңы соода төлөмдөрүн киргизе турганын айтып, 14 өлкөнүн жетекчилерине расмий кат жөнөттү. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, алгач мындай кат Япониянын премьер-министри Сигэру Исиба менен Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Менге жөнөтүлгөн. Трамптын айтымында, АКШ бул өлкөлөрдөн келген бардык товарларга 25% өлчөмүндө бажы төлөмүн киргизет.

Кийинки каттар Малайзия, Казакстан жана Түштүк Африка Республикасына жиберилип, алардын товарларына 30% бажы төлөмү коюла турганы маалымдалган. Ал эми Лаос жана Мьянма өкмөттөрү 40% төлөм киргизилери тууралуу кабар алышкан.

Ошондой эле Трамп Туниске – 25%, Босния жана Герцеговинага – 30%, Индонезияга – 32%, Бангладеш жана Сербияга – 35%, Камбоджа жана Таиландга – 36% төлөм киргизилери тууралуу билдирүү каттарын жөнөткөн.

АКШ президенти эгер бул өлкөлөр жооп иретинде өз бажы төлөмдөрүн көтөрсө, Вашингтон дагы ошончо өлчөмдө төлөмдү жогорулатарын эскертти. Ошондой эле, ал өлкөлөрдүн лидерлерине өз товарларын АКШнын аймагында өндүрүүгө чакырып, бул жол менен бажы төлөмдөрүнөн качууга болорун белгиледи.

Последние новости