www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына карата түшүндүрмө берди.
«Адатта, эл аралык тажрыйбада мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарларды алмашуусу белгилүү бир убакыт аралыгында жүргүзүлөт. Мындай кыска убакытта – 4 айдын ичинде тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Тажикстан менен өз ара мамлекеттик сапарларды ишке ашыруубуз кыргыз дипломатиясынын тарыхындагы оң прецедент болуп саналат.
Бул биздин мамлекет башчыбыздын Борбор Азия мамлекеттери менен көйгөйлүү маселелерди чечүүгө, достук, өз ара ишеним жана ынак коңшулук мамилелерди тереңдетүүгө болгон бекем чечкиндүүлүгүн айгинелеп турат.
Президенттин тажик тараптын чакыруусун кабыл алып, мындай кыска мөөнөттө жооп иретинде мамлекеттик сапар менен Тажикстанга баруу чечими мамлекет башчыбыздын коңшу мамлекеттер менен мамилелерди бекемдөө аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын, анын ичинде чек арага жакын Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өзгөчө, артыкчылыктуу көңүл буруп жатканын айкын далилдейт», - деди Сагынбек Абдумуталип.