www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Бишкек шаарынын түнкү клубдарында текшерүү иш-чараларын өткөрдү.

Атайын кызматтын тараткан маалыматына ылайык, 5-июлунда УКМК Бишкек шаарындагы жаштарды салттуу эмес жамааттарга (ЛГБТ) тартуу жолу менен коомчулукту бузукулукка багыттаган, ошондой эле баңги каражаттарды колдонууга шарт түзгөн түнкү клубдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында «Комбинат Плюр», «Катс» жана «НОКС» аттуу түнкү клубдарында текшерүү иш-чараларын жүргүздү.

«Натыйжада «Катс» жана «Комбинат Плюр» түнкү клубдарынын ишмердүүлүгү коомчулукка «ЛГБТ» деп аталган адамдарды тартуу жана баңги заттарды колдонуу аркылуу жаштарды бузукулукка багыттагандыгы аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө психотроптук дары-дармектер ж.б. «дарыкана наркозу» табылды. Мындан улам, аталган түнкү клубдар толугу менен жабылып, мөөр басылды. «Нокс» түнкү клубунда дааратканадан ак күкүм (порошоктон) турган пакеттер табылып, клубдун ээсине жана администраторуна карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, табылган психотроптук жана баңги заттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында аталган түнкү клубдардын ээлерине жана администраторлоруна карата алардын аракеттерине укуктук баа берилет.

«Сойкулук үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде түнкү клубдарда салттуу эмес сойкулук кылуу, кылмыш жоопкерчилигине алып келе турган «сойкуканаларды» уюштурууга барабар. Мындан тышкары, түнкү клубдардын ээлеринин салттуу эмес сексуалдык ориентацияларды жайылтуу үчүн аянтчаны камсыз кылган аракеттери өлкөнүн көпчүлүк калкынын массалык нааразычылыгын жаратып, андан ары массалык баш аламандыкка айланып кетүүсү мүмкүн», — деп белгилейт УКМК

Последние новости