www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бангладештеги сел: 68 адам каза болду

Бангладеште деңиз деңгээлине жакын аймактарда нөшөрлөгөн жамгырдын натыйжасында болгон селден каза тапкандардын саны 68ге жетти. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Саламаттык сактоо кызматтарынын Башкы директорлугунун маалыматына караганда, селдерден түндүк-чыгыш Силхет аймагында 46, түндүк жана борбордук Мименсинх аймагында 18, түндүк Рангпур аймагында 4 киши каза болду.

Аталган аймактарда акыркы үч күндө селдерден улам 4000ден ашуун адам кир сууларга байланыштуу ар кандай ооруларга чалдыгышты.

Селден жапа чеккен аймактарда гуманитардык кризис да жарала баштады.

Тамак-аш жана ичүүчү сууну таратууга армия мүчөлөрү катышты.

Силхет аймагында эле 56 миң гектардык талаага зыян келтирген селден башка аймактардын да айыл-чарбасы жапа чекти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости