www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Барселона" футбол клубунун жетекчиси Жоан Лапорта менен футболчу Эдгар Давидс Кыргызстанга келди.

Тамчы аэропортунан аны жана "Барселонанын легенда" командасын УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкөгө "Барселона" футбол командасынын капитаны Карлес Пуйоль келген.

Эске салсак, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадионунда "Барса" клубунун жана Азиянын легендарлуу футболчуларынын жолдоштук беттеши өтөт.

BarçaLegendsтин курамында "Алтын топтун", "Дүйнөлүк кубоктун", "Алтын бутсанын" жана башка көптөгөн престиждүү наамдардын ээлеринин келиши күтүлүүдө. Алар Роналдиньо, Ривалдо, Савиола, Клюйверт, Абидаль, Замбротта, Надаль, Франк де Бур, Попеску жана башкалар.

Алдыдагы оюндун калган катышуучулары бүгүн Бишкекке келишет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости