www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда кимдер гана отурбайт саясатчысынан тарта уйчуман, койчумандарга чейин. Эми баардык карапайым калк бири-бири менен пикир алышып жаңылыктардан кабардар болуу үчүн, ааламда эмне кеп болуп жатканы кызык болгон үчүн колдонсо керек интернетти.
Тилекке каршы арасында "тантыктарда" жок эмес. Алсак бүгүн Фейсбуктагы тайпалардын бирине "Бишкекте гейлерди кордошууда. Кыргыз элим гейлерге ырайым кылалы. Улуу элбиз"-деген билдирүүнү Марат Кубанов калтырган. Эми бул талкуунун башталышы гана.
Андан соң Марат Кубанов өзүнүн кызыкчылыгы үчүн "Манас атабыз силердей урпактарына нааразы болмок. Манас өзү бисексуал болгон. Каныкейден чарчаганда барып Алмамбет менен жолугушкан. Экөө бири-бирин сүйгөн."- деп улуу Манас атабызга шек келтирип жатат.
Мындай тантыктар башка өлкөлөрдүн алдында кыргызды басып берип "кепке кемтик, сөзгө сылтык" кылгысы бар. Күндөн-күнгө күч алган ушундай тантык посттор көп жарыялана баштады көңүл бурган орган барбы?! Улуттук баалуулуктарыбызды да ушундай тантыктардын айынан жоготуп алабызбы?! Манас атанын доорунда жашап келгенсип эле ар ким каалагандай "Манасты" бурмалай береби?! Кеч болуп кете электе көзөмөлгө алсак жакшы болмок. Улуттук идеологияны көтөрүү үчүн иш-чараларды уюштуруп өзүбүздүн маданиятты, тарыхты көтөрбөсөк тантыктардын айынан келечек муундарга өткөрүп берээр эч нерсебиз калбай калат го мындай темп менен жүрүп отурсак!
Булак: NazarNews.kg