www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле Башкы прокуратура Бишкектин башчысы Азиз Суракматовго мэрияга караштуу спорт башкармалыгынын жетекчиси Ырысбай Мааткабыловдун үстүнөн эскертүү кагазын жибериптир. Биз буга чейин да бул чиновниктин кылык-жоруктарын гезит бетинде чагылдырып келе жаткандыктан, ага кенен токтолууну туура таптык.
Прокуратуранын маалыматына караганда, 2017-жылга бекитилген календардык план боюнча спорткомитет 470 иш-чара өткөзүшү керек болсо, анын 355ин гана жүзөгө ашырган. Ошол эле убакта спорткомитет тарабынан календардык планга кирбеген, жалпы суммасы 6 миллион 920 миң сомдук 25 спорттук иш-чара финансыланган. Мисалы, март айында Дартс федерациясынын окуу-машыгуу иш-чарасына 145 миң сом, хокеисттердин машыгуусуна 28 миң 620 сом бөлүнгөн. Мыйзам боюнча, календардык планга кирбеген спорттук иш-чараларга каражат бөлүү мыйзамды бузгандык болуп саналат. Мына быйыл да, 8 айдын ичинде шаардык спорткомитет тарабынан календардык планга кирбеген 6 иш-чарага каражат бөлүнүп, аның суммасы 1 миллион сомдон ашып кеткен. Ошол эле кезде, прокуратура бул мыйзамсыз иш-чараларды каржылоодо каражаттарды өзүнө ыйгарып алуу фактылары орун алганын белгилейт. Анын негизинде, 2018-жылдын 4-апрелинде Башкы прокуратура тарабынан башкармалыктын жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн велисопедисттер жаан футболчулардын транспорт чыгашаларын ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергелип жатат.
Ырысбек Мааткабылов жетектеген шаардык спорт башкармалыгы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды да бузушкан. Ага ылайык, башкармалык жылдык бюджет бекитилгенден кийин өз алдынча сатып алуулар планын иштеп чыгып, сатып алуулар боюнча мамлекеттик порталга жайгаштырышы керек. Эгерде планда каралбагана сатып алуулар орун алса, ал одоно мыйзам бузууга жатат. Ага карабастан, спорт башкармалыгы тарабынан мамлекеттик сатып алуулар процедурасын бузуп, бирдиктүү порталдан кыйгап өтүү менен сатып алуулар жүргөн. 2017-жылдын ичинде жалпы суммасы 8 миллион 128 мин сомдук 28 келишим мамлекеттик сатып алуулар процедурасын бузуу менен түзүлгөн. Мунун баары коррупция жыттанып турганын айтпасак да билип турасыздар.
Ошондой эле прокуратура эмгек мыйзамдарын бузууларды аныктаган. Мисалы, учурда шаардык спорт башкармалыгындагы 14 кызмат ордунун 7сү бош турат. Ал жерде убактылуу милдетин аткаруучулар олтурат. Эмгек кодексине ылайык, бош турган орунга убактылуу милдетин аткарган адамды дайындап карап олтура берүүгө болбойт. Ошондой эле, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарга алуу конкурстук негизде жүрөт. Мунун баарын Ырысбек түкүрүп ойнобойт, себеби, ушу кезге дейре бош орундарга конкурс жарыяланган эмес.
Мына ушул узун тизме мыйзам бузууларды эске алуу менен Башпрокуратура Азиз Суракматовго спорт башкармалыгынын жетекчилигине чара көрүүнү тапшырган.
Ырысбек Мааткабылов болсо мурунку мэр Албек Ибраимов менен жакшы, ийиндеше иштегенин эске салып, керек болсо азыркы мэрди да “с потрохами” сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетерин айтып, ай-талаага мактанып жүргөнү сөз болууда. Буга чейин бул баланын далай былыгы чыкса да, Албек экөөлөп жаап турушчу. “Эми, балээ болбодубу, президент коррупционерлерге каршы катуу күрөшүп жатс бу Ырысбектер андан оңой кутулуп, каард бийлигин жүргүзө береби?”- деп эмгек жама ат ишенбестик менен карап турат. Суракмато! деле ишти катуу баштаган өндөнөт, Башк прокуратуранын айтканын аткарып Ырысбекти кетиреби же ал да Салымбековдордун “бал тилине” алданып олтуруп калабы?
А.Белеков
Булак: "Майдан"