www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майлуу-Суу шаарында кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевге протез коюп берүү маселеси толук чечилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев билдирди.

Ал ошондой эле бул ишти өз алдынча да иликтөө жүргүзүлүп, тиешелүү командирлерге чара көрүлгөнүн айтты.

Буга чейин Башкы штабдын маалымат катчылыгы жетекчилик жоокердин бир колунун протезин каржылоого макулдук бергенин айткан. Бир протездин наркы болжол менен 30 миң АКШ долларын түзүшү мүмкүндүгү кабарланган.

№30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Сапарбаев быйыл 8-августта кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Аскер прокуратурасы факт боюнча иликтөө иштерин алып барууда.

Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунун дарыгерлери Сапарбаевге эки жолу операция жасап, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан. Кийин жоокерге жардам берүү үчүн атайын эсеп ачылган. Жабыркаган жигиттин апасы Венера Сейталиеванын атына бекилген эсеп “Элсом” электрондук капчыгында. Номери +996 707 75 00 80. Бул номерге которулган каражаттар жоокердин дарылануусуна жумшалат.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, ал быйыл жазында аскерге чакырылган. Жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жоокер энеси менен чогуу батирде жашарын, үйү жоктугун, мамлекеттен турак жай алуу маселеси да каралып жатканын кабарлаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости