www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кардын калың жаашына жана абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу республиканын унаа жолдорундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү.

Буга чейин Өкмөт башчы Талас облусуна болгон жумушчу сапарынан кайтып келе жатканда, аба ырайынын татаал шарттарына жана тоңголокко байланыштуу унаа тыгындары түзүлгөн тилкеде айдоочулар жана арасында жаш балдар бар жүргүнчүлөр менен сүйлөшкөн.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр белгилегендей, унаа жолдорунда, айрыкча опурталдуу ашуу тилкелеринде түзүлгөн кырдаал мамлекеттик органдардан ыкчам жана өтө кардиналдуу чараларды талап кылат.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун маалыматы боюнча, бийик тоолуу тилкелерде катуу жааган кардын калыңдыгы 30 сантиметрден 60 сантиметрге чейин жетип, бул бардык тартылган жол кызматтарынын аракеттерине карабастан, белгилүү бир кыйынчылыктарга алып келген.

«Кардын жаашы жана атайын техниканын айрым жетишсиздиги жол бетин тазалоо жана себүү иштерин бардык тилкелерде тийиштүү түрдө жүргүзүүгө жолтоо болууда. Бирок жолчулар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жер-жерлерде унаа жолдорун тейлөө боюнча гана эмес, жол кыймылын жөнгө салуу жана айдоочуларга жардам берүү иштерин дагы аткарышууда», – деп билдирди Ж.Калилов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жолчулардын унаа жолдорунун негизги кыймыл тилкелериндеги аракеттерин жетишсиз катары эсептеди жана божомолдонуп жаткан кардын жаашын эске алуу менен күч-аракеттерди мобилдештирүүнү жана жер-жерлерде бардык кызматтардын ишин активдештирүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине унаа жолдорун тейлөө боюнча комплекстүү иш-чараларды каржылоонун бардык маселелерин чечүүнү милдеттендирди.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев жолдордун негизги тилкелеринде жол бетин натыйжалуу тазалоо үчүн ротордук кар тазалоочу техниканы сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости