www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевдин ошол кездеги адвокаты Али Касымов тергөө менен кызматташууга макул болду.
Шектүү Касымов 16-август күнү кызматташуу жөнүндө процесстик келишимге келүү тууралуу кат менен кайрылган. Учурда анын бөгөт чарасын өзгөртүү маселеси каралып жатат.
ИИМ тараткан маалыматта Али Касымов Батукаевди бошотуу ишинде ортомчу катары кызмат кылганы белгиленет, Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу максатында Али Касымов кызыкчылыгы бар тараптан акча каражатын алып, кызмат адамдарына берип, ортомчу катары жүргөндүгү аныкталган. 80 жаштагы Али Касымов 31-июлда Жазык кодексинин «Коррупция» жана «Кылмышка аралашуу» беренеси боюнча шектүү катары кармалган. Бишкек шаардык соту аны 26-августка чейин №1 тергөө абагына камакка алган. Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган 20га чукул мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге, аткаминерлерге, дарыгерлерге айып коюлду, деп "Багыт.kg" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg ч