www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт башчыга кайрылуу!
Урматтуу премьер-министр!
Сиз үстүндө турган көпүрөгө "канча каражат сарпталды?" - деп акимден сурадыңызбы?
Албетте, К.Эшалиев эч качан сизге чындыкты айтпайт! Ошон үчүн мени угуп коюңуз.
2013- жылы К.Эшалиев "Беш-Арал" мамлекеттик жаратылыш коругунда деректир болуп иштеп, кореялык "Тоо-Кен" ишканасына дагы аткаруучу деректир (ортомчу) болуп, Чандалаш үчастогундагы чачыранды алтынга инвестиция тартат.
Эл инвестордон Сиз үстүндө турган көпүрөнү куруп берүү талабын коёт. "Тоо-Кен" 177 миң АКШ доллар бөлүп, "Басыз" ЖЧКсы көпүрө куруп баштайт. Ошондо райакимдин орду бошоп, К.Эшалиев көпүрөнүн акчасына кол салып, акимдик кызматты айылдык депутаттардын добушун сатып алып ээлеп калат. Ошондон баштап "Тоо-Кен" компаниге кайра бут тосуп, айылдын этегине башка көпүрө салдырам деген мурдагы айыл өкмөттү колдойт. Бир эле кен байлыкты иштетүүдө "эл сизди колдойт" деп эки учредительдь уруштуруп, 2 көпүрө курууга бир күндө Чаткал айыл өкмөт башчы Н.Мырзаяров келишимге кол койгон.
Натыйжада, эч кандай долбоору жок айылдын этегиндеги көпүрө сууга агып, аягында сот куруучуларды камап тынчыды. Буга инвестордун 147 миң АКШ доллары кеткен. Анын 22 миңин аким менен айыл өкмөткө бергенин куруучулар соттолгон соң айтып чягышкан.
Ал эми Сиз турган көпүрөнүн 70% бүтүп калганда инвесторду жолотпой, өзү демилгени колго алып, жаңы долбоор катары документ даярдатып районду өнүктүрүү фондунан 17 млн сом, кийин 3,5 млн кошуп былтыр бүттү кылышты. Бүттү дегени менен быйыл жазда (6 айга жетпей) бир башындагы тосмосу кулады. Менин баамымда, аким Сизге ошону көрсөтүп актанып жаткандай.
Жыйынтык: Эки бирдей инвесторду итке мингизген аким менен айыл өкмөткө чара барбы?..
Эркин журналист Абдыжапар Нурдинов
Булак: NazarNews.kg