www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр Орусиялык телевидениеде алып баруучу, ырчы болуп, “Инстаграммда” 16 миллион подписчиги менен жылдыз болуп жаткан Ольга Бузовага ага чейин ким эле? "Дом 2” реалити-шоуда жүргөн "бузулган" кыз болчу. Дал ушул кыз 19-июлда Бишкектеги лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке конок катары чакырылып, келип кетти. Уюштуруучулар концерттен кийин ага саймалуу чепкен, калпак жана камчы тартуулашкан. Бузова баалуу белектин баркын билмек беле, бөлмөсүнө барганда кийип, колуна камчыны кармап, үстөлдү, жерди чапкылап ойноп, ырдап, бийлеген. Мындай тасма социалдык тармакка тарап, кыргыздар алигүнчө намыстанып. сөз кылып келишүүдө. Биздин баалуу белектер аялдарга бериле баштаганы боюнча биз белгилүү адамдарга кайрылып, пикирин уктук.

- Биз улуттук кийимдин баркын аябай эле түшүрүп ийдик. Айрыкча, Кытайда жасалган улуттук кийимдерибизди, куралдарыбызды келген коноктордун баарына бере берип, баркын кетирип алдык. Биздин намыскөй кыздарга аялзатынын жакшы кийимдери менен буюмдарын белек кылып берсек жарашып эле калмак. Бирок, биздин аткаминерлер жеңилине качырып, үйүндө жыйылып жаткан кийимдерин алып келип берип коюшту окшойт. Азыр ар бир кыргыздын үйүнөн болбоду дегенде элүүдөй калпак, чепкен, андан кем эмес көйнөк тапса болот. Аларды бири-бирибизге бере берип, бул өзү катардагы эле көрүнүш болуп калды. Илгери сарпай деп өтө барктуу гана кишиге сый катары тартуланчу. Ал сыйакысын (көрүндүгүн) берчү. Ал кезде азыркыдай улуттук кийимдер жайнап турчу эмес. Көбүнесе колго жасалчу.Заман өзгөрүп мунун баары кадыресе буюмдардын бири болуп калды. Сарпай кийгизип аткан киши деле анын ылайык келерине же келбесине маани бербей эле калды. Башкысы берсе болду. Мунун баары бардыктан чыгып аткан артыкбаш шаан-шөкөттөр. Бирок мунун баары мезгили келгенде өзүнөн өзү жоголот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости