www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда чек арада, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө  жумушчу кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, кошуна өлкөлөр менен кызматташтыкты өркүндөтүү, чек ара боюндагы райондордо жашаган өлкө жарандарынын жашоосу үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын эң башкы артыкчылыктарынын бири бойдон калаарын өзгөчө белгиледи.

«Бул маселелерди чечүү бийликтин бардык бутактарынын, аткаруу бийлигинин түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусун талап кылган комплекстүү милдет болуп саналат. Ошону менен катар алдын алуу чараларын, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент чек ара боюндагы айылдардын жана райондордун инфраструктуралык абалын жакшыртуу жана социалдык-экономикалык маселелерди чечүү зарылдыгына көңүл бурду.

Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Транспорт жана жолдор министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал жана чек ара боюндагы айылдарда инфраструктураны жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Кеңешмеге Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты.

 

Последние новости