www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдыртан эле дуулдап, бийлик партияларына байлардын, чиновниктердин балдары жана коммерсанттар тизмеге кирүүгө жулунуп атышканы кабарланууда. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт. Ак үй билермандары азыртан маселени көзөмөлгө албаса, эртең кечигишип, элдин астында уят болуп калышары ажеп эмес. Андыктан, алдыңкы тизмелерге интеллигенция өкүлдөрүнөн баштап, ошол эле илимий жана чыгармачылык чөйрөдөн, күч органдарынан, дээрлик кесипкөй бардык катмардан адистешкен тажрыйбалуу, таза, сатып кетпеген инсандарды алдыга чыгаруу зарыл. Мына ошондо партиялардын кадыры көтөрүлөт, карапайым калк да үмүт артат. А иш жүзүндө бийликтин партияларына демөөрчүлөр оңой эле табылат да. Эң башкысы, эски каталарды кайталабай, жаңычылдыкка кадам таштоо шансын колдон чыгарбаш керек! Бүгүнкү ийгиликтүү аракеттер эртеңки күнү жемишин берерин унутпайлы.  

Булак: “АЗИЯnews”

Последние новости