www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Сухум шаары тынч эмес, эл толкуп жатат. Абхазиялык маалымат булактарынын эсеби боюнча 500 адам президенттик администратцияны басып алышкан.
Айтылгандарга караганда, чогулгандар президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда. Анткен менен кырдаал чектен чыгып кетти. Көпчүлүк мекеменин биринчи кабатындагы  терезелерди талкалап, эшигин сындырып ичкери киришкен. Ал эми мекемени кайтарган коопсуздук кызматы көп деле каршылык көрсөтүшкөн эмес. 

Абхазия бийлиги, болуп жаткан көрүнүштү оппозициянын мамлекеттик төңкөрүш кылууга болгон аракети катары сыпаттап жатышат. Ошол эле маалда ыйгарымдуу милдетин толук кандуу аткарып жатканын билдирген, учурдагы  президент Рауль Хажимба, Сухумиде экенин жана эч кайда чыгып кетпей турганын дагы жашырган эмес.

Эске сала кетсек, 25-августа Абхазиянын президентин шайлоо болуп, андан  абхазиялыктардын азыркы лидери Рауль Хажимба менен оппозициячыл «Амцахара» партиясынын башчысы Алхаз Квициния экинчи турга өтүшкөн. Шайлоо 8-сентябрда өтүп, БШКнын маалыматы боюнча 47,3 пайыз добуш топтогон Хажима жеңишке жеткен. 

Ал эми 46,1 пайыз добуш алып калган Квициниянын штабы, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген жана добуштарды кайра эсептөө үчүн арыз тапшырган. Бирок ал даттанууну сот кароодон баш тарткан болчу. 

Ошондой эле Британия, Канада, АКШ биргелешип таркаткан билдирүүдө, август айында Абхазияда өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместиктери берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости