www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы муундагы биометрикалык паспорттун бланкасын сатып алуу тендеринде 253 млн 377 миң 750 сом ашыкча коротулган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирүүдө.
Маалыматта, чекисттер биопаспорт боюнча “Мамлекеттик сатып алуулар” мыйзамынын бир нече бузууларын таап чыгышкан. Анда айтылгандай тендер жеке материалдык кызыкчылыкта уюуштурулган. Муну менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери тарабынан мамлекетке одоно зыян келтирилген.
Тактап айтканда, тендерге катышкан компаниялардын бири Muhlbauer - 686 млн 772 миң 250 сом көрсөткөнүнө карабай, 940 млн 150 миң сом көрсөткөн «Гарсу пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Мына ушундай алешемдиктин айынан жарандар бир паспорт үчүн 165 сом ашыкча төлөөгө мажбур болушкан. Бул сумма аз көрүнгөнү менен жалпысынан 254 миллион сом ортодо жоготуу болгон.
Жыйынтыгында Бишкектин Биринчи май райондук соту, Кылмыш кодексинин 319-берене 1-бөлүмү (Коррупция) менен МККнын мурдагы жетекчилерине карата чечим чыгарган. Анда айрым чиновниктердин жазасын жеңилдетүү эске алынып, Алар;
- «Инфоком» МИ жетекчиси, Талант Абдуллаев - 270 миң сом;
- МКК төрага орунбасары, Руслан Сарыбаев - 270 миң сом;
- МКК стат-катчы, Данияр Бакчиев - 230 миң сом мамлекеттин пайдасына айып пул төлөө менен чектелишти
Ошондой эле УКМКнын маалыматында, коррупцияга шектелгендердин катарында МККнын мурдагы жетекчиси Алина Шаикованын аты эске алынган. Бирок ал учурда эл аралык издөөдө экени белгилүү.
Булак: NazarNews.kg