www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дээрлик жарым жылдан бери Австралиядагы ири өрт токтой элек. Соңку жумада өлкөдө кошумча дагы эки табигый кырсык катталды. Кумдуу бороон жана катуу мөндүр жаап, аймакты сел каптады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалматка караганда, 

Австралиянын борбору Канберраны жаңы табигый кырсык курчады. Нөшөрлөп жааган жаан катуу мөндүргө айланып, мөндүрдүн көлөмү гольф тобундай болугондуктан, куштар, бир нече унаалар, дүкөндөр, бак-дарактар талкаланды. Кырсыктан кеминде миңдеген турак үй жарыксыз калып, эки адам жаракат алганы айтылууда.

Ал эми, Австралиянын Даббо шаарын, Жаңы түштүк Уэльс штатын кум аралаш бороон каптаган.  Куюн калктуу конушту каптап, турак жайларды жана жолду жаап калганын. Азыркы учурда жаракат алгандар боюнча маалымат айтыла элек.

Ушул тапта,  шамалдын ылдамдыгы саатына 107 чакырымга жеткен.

Эске салсак, Жаңы Түштүк Уэльс штатында 2019-жылдын сентябрь айында тутанган өрттөн 8,5 миллион гектар жер күйүп, миңдеген турак жай өрттөнүп кеткен. Кырсыктан 26 адам каза болуп, миллиарддан ашык жан-жаныбар өлгөн.


 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости