www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СССРдин биринчи президенти Михаил Горбачевдун жубайынын ден соолугунда олутту көйгөйлөр бар болчу. Убагында дарыгерлер ага төрөгөнгө тыюу салышкан. Бирок, 1957-жылы Раиса Максимовна дарыгерлерди уккан эмес. Ошол жылы президенттин кызы Ирина жарык дүйнөгө келген.

Учурда Ирина Горбачева каякта жашайт жана эмне менен алектенет?

Горбачевдун кызы ата-энеси үйлөнгөнүнө 4 жыл болгондон кийин гана төрөлгөн. Ал 1957-жылы Михаил Сергеевич иштеген Ставрополь шаарында жарык дүйнөгө келген. Ошол жылдары Горбачев эч кимге аты таанылбаган прокуратуранын кызматкери болуп иштечү. Ошон үчүн Иринанын балалыгы кадимки балдардыкындай эле өткөн.

Иринаны бала бакчада башка балдардан айырмаланып турган бир гана нерсеси бар болчу. Ал китепке болгон сүйүүсү, 4 жашынан эле тамга таанып, үй-бүлөлүк китепкананы тез өздөштүрүп алган.

Ирина 7 жашка толгондо, Раиса Максимовна менен Михаил Горбачев аны көпчүлүк окуган карапайым орто мектепке беришкен.

Албетте, качан Горбачев Ставрополь шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалганда, анын кызы катардагы жөнөкөй окуучу болбой калган.

Бирок, атасынын жогорку орду Иринанын окууга кызыгуусуна жардам берип, мектепти алтын медаль менен аяктаган.

Горбачева дайыма Москва мамлекеттик университетиндеги философия факультетинде окуугусу келчү. Бирок ата-энеси жалгыз кызын борборго жибергилери келген эмес. Ирина алардын кабатыр болуп жатканын түшүнүп, Ставрополдогу медицина факультетине тапшырган.  

Студент учурунда өзүнүн курсташы Анатолий Вирганскийге турмушка чыгат. Михаил Сергеевичти Москвага которгондо, анын аркасынан жубайы эле эмес, кызы менен күйө баласы да барган. Ирина менен Анатолий ошол жактан институтту бүтүрүшкөн.

Натыйжада Анатолий Вирганский белгилүү кан тамыр хирурггу болду. Ал эми, анын жубайы илимий иштер менен алектенип кетти. Ал кардиология борборунда иштеп жана диссертациясын жактап, медициналык илимдеринин кандидаты даражасын алган. Ошол учурда Иринага жумушу үй-бүлөсүнө тоскоол болгон эмес. Ал 2 кыздын энеси болгонго да жетишкен.

Бирок, Анатолийдин үй-бүлөсүнө көп көңүл бурбагандыгына байланыштуу 16 жылдан кийин нике бузулган. Экөөнүн ажырашуусуна 15 жаштагы кызынын өтүнүчү себеп болгон.

Ирина күйөсү менен ажырашкан учурда Михаил Горбачев отставкада болчу. Ал кызына өзү негиздеген фонддун жетекчиси болуу сунушун киргизди. Ирина ал фонддо өз милдеттерин аткара албаарын түшүнгөн. Себеби, экономика тармагында такыр түшүнүгү жок болчу. Ошон үчүн Улуттук экономика академиясына тапшырган.   

Ал убакта жашы 30дан ашып калган эле.

Ирина азыркыга чейин Горбочев фондунун президенттин орун басары болуп иштейт. Ирина Михайловнанын айтымында, фонд кайрымдуулук уюм болуп эсептелбейт. Ошого карабастан ал негизделгенден бери кайрымдуулукка 11 миллон доллардан ашык каражат кеткен.

Вирганская өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгү боюнча атасынын фондунун филиалы жайгашкан Лос-Анжелеске жана Мюнхенге көп каттайт.

Биринчи жолдошу менен ажырашып кеткенден кийин Ирина Вирганская үчүн жумушу менен балдары жашоосунун маңызы болуп калган. Бирок, 2000-жылы Ирина жеке ишкер Андрей Трухачев менен таанышып, 2006-жылы 49 жашында турмушка чыккан. Ал учурда биринчи никесиндеги кыздары бойго жетип калган.

Улуу кызы Ксения Москва мамлкеттик эл аралык мамилелер институнун журналистика факультетин аяктаган. Эки жолу турмушка чыгып, азыркы тапта Германияда жашайт. Иринанын экинчи кызы Анастасия Россияда жашайт. Ал эжесине окшоп журналистиканы окуган. Горбачевдун эки небереси тең фонддун жумуштарына активдүү катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости