www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2000-жылы дал ошол «Эл аралык компьютердик клуб» ишканасынан түшкөн кирешесине анын үй-бүлөсү коттедж жана батир сатып алган. 10 жыл бою мамлекеттик органдарда иштеген Мишустин 2008-жылы «Бириккен финансы тобуна» жетекчи болгон. Бул мекеме «Сбербанк», «Газпром», «Ингосстрах» сыяктуу ишканаларга салынган ири инвестицияларды башкарган. Бул кызматта ал айлыктан тышкары ар бир келишим үчүн бонус алып турган.

Мишустин 2010-жылы кайра мамлекеттик кызматка кайтарда ага «активдериңди бирөөгө өткөрүп бер» деген талап коюлуп, ал бардыгын жубайы Владлена Мишустинага берген. Кийин жубайы андан дивиденддерди алып турчу. Көп өтпөй активдер сатылып кеткен. Андан түшкөн каражат депозит катары банкка салынган.

Азыр андан түшкөн киреше эле Мишустиндин үй-бүлөсүнө бир топ пайда алып келет. Алардын бардыгы жубайлардын декларациясында көрсөтүлгөн. Эске салсак, өткөн аптада Дмитрий Медведев башында турган Россия өкмөтү отставкага кетип, премьер-министрликке Федералдык салык кызматынын мурдагы жетекчиси Михаил Мишустин дайындалган.

Булак: “Мантыш”

 

Последние новости