www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир күн ажо болгон Кадырбеков

Оо, бир күн ажоо болгон дагы эр жигиттин башына бир келген бакыт. И.Кадырбеков 2005-жылы Акаев тактан кулап, өлкөнү таштай качканда  бир күн президент боло калганы элдин эсинде. Бирок, бир күн эмес, бир саат дагы президент боло албай жүргөндөр канча? Андан дагы канча жолку чакырылышта депутат болуп, дооронду жакшы эле сүрдү. Өкмөттүн акчасын оңду-солду чачып, дардаңдады. Анткени ошол кезде чет өлкөгө көп чыгып, эл-жер көрүп, чардаңбай тепкенин өзү жакшы билет.

Акыры бул иштен тажадыбы же кылган иши жакпай калдыбы, эмнегедир саясаттан алыстап кетти. Бир жагынан туура эле кылган -экен. Эгер азыр депутат болгондо же саясатта жүргөндө катуу сынга кабылып, кадырына доо кетмек беле... Анткени азыркы депутаттардын баа - баркы кетип, элге күлкү болуп, саясат секиси булганып калганын көрүп турат го?

Анткен менен бул киши деле убагында оозго алынгандай эч иш бүтүрө койгон эмес, өз каражанын карагандан башка, анан аганы көрүп ини өсөт болуп, башкы көчтү ээрчиген азыркы саясатчылар деле мажирөө болуп жатышпайбы.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости