www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ жакында айтылуу борбор шаарыбыздагы цирктин кызматкерлери мурунку кожоюну 12 жыл циркти колуна алып, өзүн кожоюн сезип, түшкөн акчанын баарын сол чөнтөгүнө солгон Курмангазы Исанаевге карата болгон буктарын чыгарып, армандарын айтып, арызданып алышты.
Алардын айтуусунда Цирке караштуу айбанаттар аз-аздан жок болуп олтуруп, учурда эки гана ат калыптыр. Бул эки атка дагы тоют жагы жетишсиз болуп, багылып жаткан аттардын жашоосу мышык ыйлагандай абалга жеткен дешет. Ат баккандар өз каражаттарына же демөөрчүлөрдүн жардамы менен тоют алып келип багып жаткандарын айтышса, чын эле армандары аттын башындай экен?
Башка өлкөлөрдөй шаарыбызда эки-үч цирк аянты болгондо, анда эмне болмок? Болгону көзгө басар бир цирк болсо, анан анда багылган айбанаттар жок болуп кеткени аз келгенсип, ал жерде иштегендердин айлык акысы да жарытарлык эмеси, кимди ойго салбайт. Муну текшербей, буга чейинки маданият министринде иштегендер эмне кылып жүрүштү болду экен? Айтып олтурса Исанаев деген неме кит экен го, 12 жылда циркти ушундай абалга алып келип такап койгон.
Булак: NazarNews.kg