www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Маша жана Аюу» мултьфильминдеги «Маша+ ботко» эпизоду Ютубдагы көп көрүлгөн анимациялык ролик катары Гиннестин китебине кирди.
Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка ылайык, аталган эпизод 3,4 миллиард жолу интернет колдонуучулар тарабынан көрүлгөн.
Аталган эпизоддо Аюу Машага ботко жасап берет, бирок ал Машага жакпай калып, Маша өзү ботко жасап, аны бардык токойдогу жаныбарларды тойгузат.
Белгилей кетсек, аталган сюжет 2013-жылы тартылган.
«Бүгүнкү күндө Ютубдагы эң көп көрүлгөн алдыңкы бештикте «Маша+ ботко» эпизоду турат», - дейт маалыматта.
Эскерте кетсек, Россиялык мультфильм «Маша жана Аюу» 2009-жылы жарыкка чыккан. Ал дүйнөнүн 36 тилине которулуп, 100дөн ашуун өлкөлөрдө көрсөтүлөт.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg