www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жумадан кийин  WhatsApp иштебей баштайт

1-февралда дүйнө жүзүндө популярдуу WhatsApp мессенджери эски  iOS 8, Android 2.3.7 жана андан да эски ОС андроиддеринде иштебей баштайт. Бул тууралуу мессенджердин расмий сайты билдирди.

Колдонуучуларга жаңы телефондорго өтүүнү сунушташат. Мисалы, Android 4.0.3, iOS 9  жана башка жаңы версиялар.

“Бүгүнкү күндө биз төмөнкү телефондорго өтүүнү колдойбуз жана сунуштайбыз:

Android 4.0.3

iPhone iOS 9

Кээ бир KaiOS 2.5.1 версиялары жана JioPhone и JioPhone 2

WhatsAppты көчүрүп, өзүңүздүн телефон номериңизди тастыктаңыз. Эсиңизге алып коюңуз, WhatsApp бир номер менен бир эле телефондо колдоно аласыз”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эскилиги жетип калган телефондордо WhatsAppты өчүрүү тууралуу маалымат өткөн жылы эле чыккан.

Төмөндөгү телефондордо WhatsApp иштебей баштайт:

  • Acer Iconia Smart;
  • Acer Liquid Express E320;
  • Huawei IDEOS U8510 X3;
  • LG Optimus 3D Max P720;
  • LG Optimus L3 E400;
  • LG Optimus Sol E730;
  • LG Optimus Pro C660;
  • LG Optimus Net/Net Dual;
  • Samsung Galaxy Xcover S5690;
  • Samsung Galaxy S II LTE;
  • Samsung Galaxy Ace Duos S6802;
  • Samsung Galaxy Ace Plus S7500;
  • Samsung Galaxy Ace 2;
  • Samsung Galaxy Y Pro B5510 жана башка модели эскирген телефондордо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости