www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туура тамактанбай туруп чың ден соолукта боло албайбыз, ал эми туура тамактаныш үчүн пайдалуу жана түрдүү азыктардан турган рацион түзүп алышыбыз керек. Тузду, майды жана шекерди канчалык колдонорубузга жана тамакты канчалык өлчөмдө жеп жатканыбызга көңүл бурганыбыз маанилүү.

1. Ар дайым өтө кеч тамактануу ашказан рагынын пайда болуу коркунучуна алып келет.

2. Жумасына 4 жумурткадан ашык жебеңиз.

3. Майлуу тоок этин дайыма жесе болбойт, себеби ашказандын шишик оорусун пайда кылышы ыктымал.

4. Эч качан тамактан кийин жемиштерди жебеңиз. Аларды тамакка чейин жеңиз.

5. Аялдардын айыз маалында күчтүү кара чай же кофе ичүүгө болбойт.

6. Соя сүтүн аздап гана колдонуу керек. Ага шекер же жумуртка кошпостон ичиңиз.

7. Помидорду ачкарын жебеңиз.

8. Өттө таш пайда болбосун десеңиз эртең менен тамактанар алдында бир стакан суу ичүүнү адатка айлантыңыз.

9. Уктаарга 3 саат калганда тамактаныңыз.

10. Газдалган таттуу суусундуктарды аз ичиңиз. Себеби алар диабет жана гипертония ооруларын чакырат.

11. Жаңы бышкан ысык нан жана тост жебеңиз.

12. Телефонуңузду жана башка гаджет түзүмдөрүн өзүңүзгө жакын жерлерге коюп заряддабаңыз.

13. Бир күндө 10 стакан суу ичиңиз, бул заара чыгаруучу табарсыкта залалдуу шишик пайда болуусун алдын алат.

14. Күнүнө эки чыны кофеден ашык ичпеңиз, бул ич оорусуна алып келет жана уйкуну качырып, кыйнайт.

15. Майлуу тамактарды азыраак жеңиз. Себеби организм майлуу тамактарды 5-7 саатта гана сиңирет, бул аралыкта ыңгайсыздык жана жагымсыздык алып келет.

16. Саат 5тен кийин тамак жебегенге аракет кылыңыз.

17. Сизди бактылуу жана дени сак кылуучу алты азык: банан, грейфрут, нан, шпинат, ашкабак жана шабдаалы.

18. Бир күндө 8 сааттан аз уктоо мээнин иштөөсүн начарлатат. Түштөн кийин бир аз уктап алуу бир кун бою жакшы маанайды камсыз кылып, жаштыкты узартат.

19. Бышырылып, даярдалган помидор чийки помидорго караганда дарылык касиети жогору болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости