www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испаниянын түштүк-чыгыш аймактарын каптаган “Глория” деп аталган бороон 13 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, төрт адамдын дайыны чыкпай жатат. Он миңдеген үй-жай электр жарыксыз калды. Бейшембиде премьер-министр Педро Санчес жабыркаган аймактарды тик учак менен кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Ылдамдыгы саатына 144 чакырымга жеткен, жаан аралашкан катуу шамал Испаниянын аймагына жекшембиде жеткен. Деңиздеги толкун 13 метрге чейин көтөрүлүп, айрым аймактарда калың кар түштү.

Көпүрөлөр, темир жолдор иштен чыкты. 2003-жылдан берки эң кубаттуу делген "Глория” бороону жумага караган түнү гана басаңдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости