www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жолдошбек Жунушев Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын директорулук кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Эске салсак, Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жунушевди коррупцияны жоюу боюнча ведомстводо Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерди аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуш түшкөн.
Андан сырткары, президент Сооронбай Жээнбеков аталган мекеменин иши сапатсыз болуп жаткандыгы тууралуу сөз кылган. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Экотехинспекциянын алты кызматкери системалык түрдө акча опузалагандыгы үчүн укук коргоо органдары тарабынан кармалгандыгын эске салып, Коопсуздук кеңеши мекеменин жетекчисин ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунуш киргизгендигин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg