www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санкт-Петербург шаарындагы «Петербургский» спорт-концерттик комплексинин айрым бөлүгү жана тамы толугу менен кулап түштү. Окуя 31-январда болду. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыгышты.
Азырынча жабыркагандар боюнча толук кабар жок. Бирок аз дегенде бир киши каза болгондугу маалымдалды. Окуя болгон учурда жумуш жүрүп жаткан. Каза болгон жумушчу ширетүүчү адис болуп иштечү. Ал коопсуздук арканын тагынбагандыктан кранга илинип турган атайын люлкага жетпей, урандылардын алдында калып жан берди.
Кырсык болгон жерде 40 техника, 138 атайын кызматтын кызматкерлери жабыркагандарды издөө иштерин жүргүзүп жатышкандыгы маалым болду.
Бул эски стадион 20-кылымдын курулушу деген наамга татып, эң ири комплекстердин бири болгон эле.
Буга чейин 28 миң чарчы метрди ээлеген бул комплексти сүрдүртүп, жаңы муз аренасы курулаары пландалган болчу. Бирок кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетип, ушундай кырсык келип чыкты.
Издөө иштери улантылып, жоопкер тараптар такталууда.
Булак: NazarNews.kg