www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус боюнча кыргыз дипломаттары “ышкыртып” жатабы?

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги коронавирустун очогу болгон Ухань шаарындагы кыргызстандык студенттер менен байланышка чыкпай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Twitter баракчасына жазган.

Анын айтымында дипломаттар мекендештерине байланышка чыгып, колдоо көрсөткөн эмес. “Мага Ухань шаарында билим алган кыргыз студенттин энеси кайрылды. Анын айтымына караганда, Тышкы иштер министрлиги кабар алып жатабыз дегени жалган, алар байланышпай жатышат, кандай колдоо, эмне жардам керек деп кызыгышкан дагы жок. Тилекке каршы, бардык чет элдик студенттерди шаардан чыгарбай жатат”, - дейт эл өкүлү.

Эске салсак, кечээ дагы Кытайдан келген Кыргызстандыктарды чек арадан кылдат текшербей, үстүртөн карап эле өткөрүп  жаткандыгы боюнча маалымат тараган. Бирок, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруну алдын алуу боюнча чек ара бекеттеринде, аэропорттордо бардык иш аракеттер жетиштүү деңгээлде жүргүзүлүп жатат деп кабарлаган.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости