www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Кара-Балта автожолунун ар чакырымынын курулушуна болжол менен 1 млн 600 миӊ сом жумшалат. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде автомобиль жолдорунун абалы жана автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Жыйын жүрүшүндө депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу качан аяктай турганына жана ал азыр эмне себептен токтоп турганына кызыкты. Анын пикиринде, кыштын аякташын күтпөй эле, жол нугун даярдоо иштерин жүргүзө берсе болмок.

Министр тезникалык талаптарга ылайык кыш мезгилинде жол курууга болбойт. «Алдынала түзүлгөн графикке ылайык, бул жолдун курулушу 2020-жылдын күз мезгилинде аяктайт», - деген жообун берди ал.

Андан тышкары, «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу жер кыртышынын борпоңдугуна байланыштуу графиктен бир аз кечеңдеп жатканы белгилүү болду. Министр күн жылыса жолдун курулушу тездетиле турганын белгиледи. Ошондой эле, жолдогу 3815 метр тоннелдин 2100 метри казылып бүттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости