www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-декабрда Бишкек—Ош унаа жолунун 307-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районуна караштуу Камбар-Ата ГЭСине жетпей «Мицубиси Делика» үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу «Мерседес-814» унаасынын алдына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен үч адам көз жумду. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин ЖКККБсы ырастады.

Жеңил унаада 6 адам болгон. Алар Чаткал районунун тургундары экени айтылууда. Кырсык таңкы саат 05:50 чамасында болуп, бул тууралуу милиция кызматкерлери саат 06:20да кабардар болушкан.

«Ошол замат биздин кызматкерлер окуя болгон жерге жетип барышып, кырсыкка кабылгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. 7 орунду унаада бара жаткандардын үчөө каза болгон. Мындан тышкары жаракат алган үч адам Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилди. Кызматкерлер ошол жерде иштеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда жеңил унаанын айдоочусу уктап кетип, Бишкек багытынан Ош тарапты көздөй бара жаткан оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен.

Каза болгондор, жаракат алгандардын баары жеңил унаада бара жатышкан. Ал эми оор жүк ташуучу унаа да оодарылып, жүктөрү чачылып кеткен. Анын айдоочусу жалгыз бара жаткан, ал бактыга жараша жабыркаган эмес», - деп билдиришти аталган түзүмдөн. Бул тууралуу turmush.kg кабарлайт.

Учурда кырсыктагандардын өздүктөрү такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости