www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Европа Биримдигинен Brexit келишиминин шарттарына макул болуусун талап кылууну уланта берерин айтты. Бул тууралуу ал 12-декабрда британ парламентинин төмөнкү палатасындагы Консервативдик партия ага ишеним көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алгандан кийин билдирди.

Ошентип Мэй партиянын лидери бойдон калды жана ага ишеним көрсөтпөө маселеси бир жылга чейин көтөрүлбөшү керек. Ага чейин партия мүчөлөрүнүн көбү Британиянын Европа Биримдигинен чыгуусун шарттаган Brexit келишимин колдобой турганын айтып чыгышкан болчу.

2016-жылы Британия жалпы элдик референдумда Евробиримдиктен чыгыш үчүн добуш бергенден кийин өкмөт башына келген Мэй Брюссел менен жетишилген Брекзит келишиминин шарттары боюнча өз партиясында да олуттуу сынга кабылган.

Ушундан улам ал британ парламентинде Брекзит келишими боюнча 11-декабрга белгиленген добуш берүүнү токтоткон.

Келишимди сактап калууга аракеттенип, Мэй Гаагага, Берлинге, Брюсселге барды. Бирок Евробиримдиктин лидерлери Лондон менен келишимдин шарттары кайра сүйлөшүлбөй турганын айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости