www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитети Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу боюнча маселени карап, депутат Улукбек Ормонов маселени терең иликтөө үчүн жумуш тобун түзүүнү сунуштаган. 

Тармактык комитеттин чечими менен Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдун курулушуна кеткен каражатты иликтөө үчүн атайын жумуш топ түзүлүп, аталган топту “Бир Бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев жетектемей болгон эле.

Белгилей кетсек, Жылуулук электр борборундагы кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты иликтеген депутаттык комиссия көптөгөн коррупциялык жагдайларды ачыкка чыгарып, анын жыйынтыгында премьер-министр баш болгон бир катар атка минерлер камакка алынган.

Жылуулук борбору боюнча чырдан кийин, жолдон жонулган каражаттарды да депутаттык жумуш топ иликтеп корутунду чыгарабыз деп билек түрүнгөн боюнча туруп калышты.

Тилекке каршы депутаттар эмнегедир транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жумуш тобунун жолго кеткен каражаттарды иликтөөсүнө бут тосулуп, жумушчу топ ишин токтоткон.

Белгилей кетсек буга  чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына “Чайна Роуд” компаниясы ишти кымбат жасап, курууда баалар  жогору көрсөтүлгөнү  тууралуу маалымат тараган.  Айрым участоктордо жолдун   бир чакырымынын  баасы 2.5-3 млн долларга чукулдап кеткен. 

Алсак, өткөн аптада Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалып, УКМКнын абагына киргизилгени жалпыга маалым.

Ал чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн, Түндүк-Түштүк жолунун бир эле участогундагы (Эпкин-Дыйкан, Башкууганды)жол курулушуна компаниядан 520 миң доллар талап кылганы айтылган.

Баса, буга чейин дагы жолдордун астында катылган акчалар тууралуу жазып чыккан элек. Анын сап башында Кыргызстанга белгилүү алкомагнат Шаршенбек Абдукаримовдун жолдогу жоруктары тууралуу бир аз убакыттардан кийин токтолобуз.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости