www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жума башында АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги боюнча баяндамасын жарыялады. Өзбекстан жаңы баяндамада “өзгөчө кооптондурууну жараткан өлкөлөрдүн” тизмесинен чыгарылган. Алар бул тизмеге 2006-жылы – өлкөдө дин тутуу эркиндигинин абалы начарлап, диний ынанымы үчүн миңдеген киши түрмөгө камалгандан кийин киргизилген. Өзбекстан Кытай, Эритрея, Иран, Мьянма, Түндүк Корея, Судан, Сауд Арабия, Тажикстан жана Түркмөнстан менен бир катарда жайгашкан.

Жаңы баяндамада Өзбекстан диний эркиндик принциптерин карманган өлкө катары дагы таанылган эмес. АКШ Өзбекстанды өкмөт үчүн атайын байкоого алына турган өлкөлөрдүн катарына кошту.

АКШ Мамлекеттик департаменти быйыл май айында Өзбекстанда дин тутуу эркиндигинин абалы оң нукка бурулганын кубаттап, бирок жараян өтө жай жүрүп жатканын белгилеген. Буга байланыштуу өлкө “диний эркиндикти чектеген” мамлекеттердин катарында калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости