www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоодо оппозициялык блоктон чыгып, административдик ресурс колдонулуп, бир топ мыйзам бузуулар болгонуна карабастан  600 миңге чукул добуш алган  Өмүрбек Бабанов, шайлоодон кийин кыжырланып, митинг, нааразычылык акцияларга чыгууга даяр болгон шайлоочуларынын демин басып, өлкөнүн стабилдүүлүгүн, элдин ынтымагын ойлоп,  калкты экиге бөлүп-жаруу болуп кетпесин деп үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде өлкөдөн чыгып кеткени аныкталды. 

Экс-Президент өз сөзүндө Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши заказ экенин мойнуна алды. Бабановго козголгон кызмыш иши саясий заказ экени ачыкталды, эми толугу менен жабылышы керек! Мен бул боюнча бир нече жолу парламентте да, журналистерге берген маектеримде да айтып келгем. 

Кыңыр иш кырк жылда билинет демекчи, чыгаан саясатчы, Президенттик шайлоодо элдин көпчүлүк добушуна ээ болгон Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш ишин мыйзамсыз козгону үчүн ошол кездеги укук коргоо органдары жана тергөөчүлөр  жана ошондой эле буйрук берген адамдар жоопкерчиликке тартылышы керек!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости