www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Эркин экономикалык аймагынан Кореядан келген инвесторлорго ижарага берилген жерлер кароосуз калды. Бул туурасында бүгүн парламенттеги “жарыш сөз” учурунда депутат Талайбек Масабиров билдирди. Тагырагы ал өзүнө жарандардан келген катты окуп берди.

“- Жалпы жердин 23 гектары 93 жылга, көргөзмө павильиону 93 жылга, экпоцентр 26 жылга жана терминалдын мекемеси 46 жылга берилгендиги тууралуу мына мында жазылып турат. Комуналдык кызматтарга 2 миллион карызы бар экен. Анан анда парк бар экен, ижара акысынан 93 жылга бошотулган. Бирок  түшкөн кирешенин 2 % төлөнүп турмак, ал боюнча дагы белгисиз дейт”, - дейт Масабиров.

Масабировдун билдирүүсүндө, бишкектиктердин атынан жазылган бул каттын бир көчүрмөсү өкмөткө дагы жиберилген. Мындан улам эл өкүлү аталган маселеге ыкчам чара колдонуу зарылдыгын белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости