www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленеский өлкөнүн эң аз акы төлөнүүчү кызматкери. Анын 2019-жылы расмий айлык акысы айына 22,5 миң гривенди($929) түзгөн. Бул тууралуу украиналык маалымат булактары Мамлекеттик башкарууга таянып, жазып чыкты.

Маалымат боюнча, июнь айынан баштап Зеленскийдин эсебине сыйлык жана кошумча төлөмдөрдү кошпогондо, ай сайын 28 миң гривен ($1,1 миң) айлык акы которулган. Салыктарды жана жыйымдарды төлөөдөн кийин мамлекет башчы ай сайын 22,5 миң гривен алган. Ал кызматка дайындалгандан бери 20-майдан баштап 2019-жылдын 31-декабрына чейин анын эсебине 208,7 миң гривен которулган. Салыктарды төлөөдөн кийин президент 168 миң гривен ($7 миң) калган.

Ошондой эле маянаны мурунку президент Петр Порошенко да алып келген. Анын администрациясы мамлекет башчы кошумча акча албарын баса белгилеп кеткен.

Белгилей кетсек,  Петр Порошенко президент болуп турганда анын акыркы жылкы, башкача айтканда 2018-жылкы маянасы активдерин кошкондо 1, 56 млрд гривенди ($57 млн) түзгөн.

Маалымат боюнча, азыркы президенттин аппарат башчысынын маянасы мамлекет башчыныкынан да көбүрөөк. Анын 2019-жылы алган айлык акысы 218,7 миң гривенди түзөт.

Эсекерте кетсек, аталган өлкөнүн кээ бир министрлери жакында эле айлык акы аз деп нааразы болуп чыгышкан. Бирок, Мамлекеттик башкаруунун маалыматына таянсак министрлер өлкө башчыдан көбүрөөк маяна алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости