www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында бүгүн, 17-октябрдан тарта №153 Асанбай – “Манас” эл аралык аэропорту экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштайт.
Мэриядан билдиришкендей, бул чечим “Жол кеңеши – 2025” алкагында кабыл алынган.
Эми жүргүнчүлөр аэропортко жана кайра шаарга түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түнкү каттамдардын убактысы: 00:00; 03:00 жана 05:00.
Эскерте кетсек, автобустар экспресс болгондуктан, токтоочу жайлар так аныкталган. Белгиленбеген жерде токтоо — жол эрежесин бузуу катары эсептелет.