www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалганын УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун жоюлган лидери, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон Камчы Асанбектин (К.Көлбаев) чөйрөсүнүн мүчөсү С.Д.О. кармалды. Аталган жаран чет мамлекеттердеги кылмыштуу уюмдар менен байланышы бар болуп, кылмыш иерархиясында “Мыйзамдагы ууру” статусуна чейин көтөрүлүү амбициясы болгон.

Кармоо жана тергөө амалдарынын жүрүшүндө С.Д.О.дон ок атуучу курал (1 даана Макаров тапанчасы), ошондой эле 4,57 грамм өсүмдүк тектүү баңги заты табылган.

Табылган баңги заттын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (сатуу максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, алынган ок атуучу куралдарга жана баңги заттарына тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо, курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү– С.Д.О. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

    

Последние новости