www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Арсенал» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин өткөрүү учурунда коопсуздук чараларын күчөтүү максатында уюштурулган.

Анын алкагында милиция кызматкерлери расмий делегациялар жайгашкан объектилерге жана атайын маршруттарга жакын жашаган же каттоодо турган жарандык, кызматтык жана сыйлык куралдарынын ээлери менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кошумча коопсуздук чараларын камсыз кылуу үчүн белгиленген тартипте курал ээлеринин айрым категорияларынан курал-жарактар убактылуу алынууда.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери атайын маршруттарга жакын жайгашкан, өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

Өзгөчө көңүл кызматтык курал-жарактарды сактоо талаптарынын аткарылышына, сейфтердин жана курал сактоочу жайлардын абалына бурулууда.

Ошондой эле ички иштер органдарында профилактикалык каттоодо турган жарандар менен даректүү алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Алардын каттоодо турган курал-жарактары болсо, мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Бишкек ШИИББ «Арсенал» иш-чарасы алдын алуу мүнөзүндө экенин белгилеп, анын негизги максаты жарандардын, расмий делегациялардын, эл аралык иш-чаралардын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу экенин билдирди.

Милиция курал ээлерин профилактикалык иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга жана кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырды.

Убактылуу алынган курал-жарактар тиешелүү иш-чаралар аяктагандан кийин белгиленген тартипте ээлерине кайтарылып берилет.

Последние новости