www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай 2025-жылы Кыргызстандан 40 миң тоннадай күмүш концентратын/рудасын импорттогон. Баасы 204 млн доллардан ашуун.

Ар кандай маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 25тен ашуун күмүш кени бар. Бирок, активдүү казылган бир да күмүш кенин билбейбиз. 

Адатта алтын кендеринде күмүш менен жездин курамы да көп болот. Көп учурда аларга өзүнчө лицензия берилбейт, "алтын" лицензия алуу жетиштүү. А ал компаниялар алтындан башка рудаларды ыргытып иймек беле. 

Өлкөдө алтын кендерди иштеткен кытай компаниялардын көп экенин эске алганда, алар (и не только) башка рудаларды, бажы кызматы "Акчабарга" билдиргендей, "чек аралык соодага" (приграничная торговля) чыгарышабы деген да ой кетет.

"Чек аралык сооданын" бажы эсебине кирбегени өзүнчө таң калыштуу. Аны "көмүскө соода" деген канчалык туура болот? Жол-жобосу кандай?

Бул тууралуу журналист Кубат Айбашев фейсбук баракчасына жазды.

Последние новости