www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 38 жаштагы аял чогуу жашаган эркек киши тарабынан аёосуз сабалган. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Жамиля Жаманбаева окуя тууралуу социалдык тармактардан билгенде эле жабыркаган аялдан кабар алган. К.У. аттуу келин азыркы тапта дарыланып, жакында дагы операция болорун айткан.
Окуя 8-мартка караган түнү болгон. К.У. аттуу жабырлануучу милицияга алгач жазган арызын кишинин туугандарынын басымы менен артка кайтарып алган. Эми кайрадан арыз жазып, укугун коргоого даяр экенин билдирген.
Жабырлануучу жарандык күйөөсү менен чырдашып, мыкаачылык менен сабалганын белгилеген.
“Үйдө эки күн жалгыз, жардамсыз жаттым. Көзүмдү ача албай калгам. Балдарым (7, 9 жашта) ошол күнү таенесиникинде болчу. Эки күндөн кийин курбума чалсам, ал тез жардам чакырып берди”, — деген келин.
Дарыгерлер жабырлануучунун мээси чайкалып, мурду, тиши жана бетинин сол жагындагы сөөгү үч жерден сынганын аныкташкан. Ошондой эле эки көзү жабыркаган.
К.У. эки айдан бери иштей албай дарыланып келет. Акыйкатчы жабыркаган аялга юридикалык кеңеш берип, укуктарын коргоого жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
“Биз үй-бүлөлүк зомбулукка көз жумуп, кайдыгер карап тура албайбыз. Укук коргоо органдары аялдарга карата зомбулук боюнча бир дагы учурду көз жаздымда калтырбашы керек. Биздин кайдыгерлигибиз андан да оор кесепеттерге алып келиши толук мүмкүн. Аялга зомбулук көрсөтүп, анын ден соолугуна зыян келтирген адам жазасыз калбашы керек”, — деди Жамиля Жаманбаева.