www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында жыйын өтүп, анын жүрүшүндө 4 муниципалдык аймактык башкармалыктын (МАБ) жетекчилери кызматтан алынды.
Маалыматта айтылгандай, ар бир МАБдын ишин талдоочу жумушчу топ түзүлүп, административдик аппаратка жанаша жайгашкан аймакта бир катар кемчиликтер, ошондой эле олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.
«Жыйынтыгында 4 райондун акимдери: Жыргалбек Шакиев (Ленин району),— Жаныбек Орозалиев (Октябрь району), Улан Сарылбек уулу (Биринчи май району) жана Капарбек Адиевге (Свердлов району) жана алардын орун басарларына сөгүш жарыяланды. №3, №8, №18, №19 жана Новопавловка МАБынын жетекчилери кызматтан бошотулуп, калган МАБдын жетекчилери сыноо мөөнөтүн эске алуу менен ротацияланды», — деп жазылат маалыматта.
№3 МАБ Ак-Ордо конушунда, №8 МАБ 8-кичи райондо, №18 МАБ Чыгыш-5те, №19 МАБ
Аламүдүн-1де жайгашкан.