www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир катар алдамчылык фактысына шектүү кармалганын Бишкек шаарынын ИИББнын асма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, К.Ч. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, анда У.М. карата мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.
Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын 5-март күнү Кольбаев көчөсүндө У.М. ишенимге кирип, биргелешип бизнес жүргүзөбүз деген шылтоо менен алдамчылык жолу аркылуу 40 миң АКШ долларын алып, андан кийин байланышпай кеткен.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаанын милиция кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган У.М. аныкталып, кармалган. Кармалган шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда анын ушул сыяктуу дагы бир катар кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарга кайрылат:
Эгерде сиз аталган жарандан жабыр тарткан болсоңуз же анын мыйзамсыз аракеттери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефон номерлерине кабарлоону суранабыз:
0 (500) 633-927, 0 (773) 097-185 жана 102, же болбосо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.