www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Жумгал районунун прокуратурасы тарабынан райондук токой чарбасында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында токой чарбасынын карамагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Алсак, Жумгал токой чарбасынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалдарын кызматтын кызыкчылыктарынан сырткары пайдаланышып, өздөрүнө же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү же артыкчылык алуу максатында 2019-2024-жылдар аралыгында Жумгал токой чарбасынын карамагындагы жер тилкелерине конкурсту формалдуу (жасалмалоо) жол менен конкурс өткөрүлгөндүгү жөнүндө протоколдорду түзүшүп, 49 жаранга жалпы 104,19 га жерди 49 жылдык мөөнөт менен ижарага беришкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси менен (кызматтык жасалмачылык) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости