www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыл сайын жыйырмага жакын кыргыз дарыгери Түркияда медициналык адистиктер боюнча окутулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасы ачылды. 72 орундуу оорукана жергиликтүү жарандар менен катар эле башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн да тейлет. Ошондой эле, аталган жайда 21 орундуу реанимациялык бөлүм да иштемекчи.
«Тараптар 3 жыл бою оорукананы биргеликте башкарып иш алып барышат. Ошондой эле жыл сайын 20дай кыргыз дарыгерлерин медициналык адистиктер боюнча Түркияда окутуу иштери да жүргүзүлмөкчү», — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.
Булак: NazarNews.kg