www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылда өтө турчу шайлоого карата ойлор. Жээнбеков менен Атамбаевдин саясаттагы бренди. Мындай пикирин Медербек Корганбаев билдирди. 

Алмазбек Атамбаевдин алдыдагы шайлоого катыша тураары тууралуу билдирүүсүнөн кийин, Ак үйдөгүлөр бул аларга эмне алып келээрин жакшы түшүнүп турушат. Атамбаев өзүнүн үстүнө мурунку оппозиционердин кемселин кайра кийип алгандай элес калтырат.

2018-жылдын башында ал үчүн оор күндөр болду. Башынан көп стресстерди өткөрдү. Учурда Атамбаев мурунку досу менен сөз табыша албай, ушундай кадамга барды. Дүйнөлүк саясатта мындай учур уникалдуу болуп саналат. Өзүнүн досун саясатка алып келип алып, аны менен кайра душман болуу Сооронбай Жээнбековдун командасына ага кайра каршы чараларды көрүү туура келип жаткандыгы талашсыз. Атамбаевге каршы дагы бир улуу куч бар экендигин эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Ал Өмүрбек Текебаев жана "Ата-Мекен" партиясы.

Кандай гана болбосун Жээнбековдун командасы Атамбаевдин адамдары менен каршы турган абдан эле оор болоору шексиз. Азыркы президент коррупция менен ачык күрөштү баштап, аны бренд катары кабыл алган, бирок, тилекке каршы, анын бир жылдык өлкөнү башкаруу саясатында элдин ага болгон ишеними солгундап кетти. Президент системалык түрдө бийликтин бардык бутактарындагы коррупцияны түп-тамырынан кыя албай, тескерисинче, тандама жолу менен коррупция менен күрөшту баштаганы да айрымдарга жакпай турат. Ошондой эле, ал президент болуп туруп чет өлкөлөргө барып алака жүргүзгөн жок. Ошол эле учурда коңшу мамлекеттин президенти Шавкат Мирзиеев чет өлкөлөргө болгон сапарларын көбөйтүп, кыска убакыттын ичинде кошумча упай топтой алды. 

Ошол эле убакта Россия Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалдарга көз салып турат. Атамбаевдин тарапташтары абакта отурганын Россия жактырбайт. Анткени Алмазбек Атамбаев Кремлге болгон ишенүүсүн толук актаганга үлгүргөн жана анын айтканын аткарган.

Атамбаев менен Жээнбековдун ич ара келишпестиги саясаттагы чоң карама-каршылыкка алып келди. Эки жылдан бери эки саясатчынын тирешүүсү эми кайсы жакка алып бараары азырынча бүдөмүк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости